Акыркы суткада өлкөдө 7 өрт кырсыгы катталып, Бишкек-Ош унаа жолунан күйүүчү май ташынган унаанын дөңгөлөктөрү күйдү
Жарандык
коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 7 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 8 өрт
өчүрүү бөлүмү тартылган.
Автор: Мальвина Уметбекова
Токтогул
районунда Бишкек-Ош унаа жолунун
291-чакырымында МАN үлгүсүндөгү күйүүчү май ташуучу унаанын эки дөңгөлөгү күйүп кеткен. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Ошондой эле Жалал-Абад
шаарындагы Спутник кичи районундагы мончолордун биринен өрт кырсыгы катталды. Жыгач устундуу, шифер жабылган, аянты 20 чарчы метр мончонун чатыры, 3 эшик, 3 терезе, 40 чарчы метр ички жасалгасы толугу менен күйгөн. Өрттүн келип чыгуусуна тиричилик электр шаймандарын колдонууда коопсуздук эрежелеринин бузулушу себеп болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.