super.kg logo
  Саясат  

Салык органдары бирдиктүү салык декларациясын түн ортосуна чейин кабыл алууда

 
Республиканын салык органдарында бирдиктүү салык декларациясын берүүдө салык төлөөчүлөргө шарт түзүү үчүн декларацияны кабыл алуу боюнча кезметчилик (дежурство) уюштурулду. Документтерди кабыл алуу 17-февралдан 31-мартка чейин, майрам жана дем алыш күндөрдү кошуп, саат 09:00дөн 00:00гө чейин иштейт.

"Декларацияны иш убактыларында тапшырууга жетишпей калган салык төлөөчүлөр аны 18:00дөн кийин берүүгө мүмкүнчүлүгү бар. 2-мартка чейин юридикалык жактар, 31-мартка чейин жеке жактар 2014-жылы алынган кирешелери же жер тилкелери жана мүлктөрү, экономикалык ишмердиктери тууралуу жана башка маалыматтар жөнүндө салык органдарына отчёт берүүлөрү керек. Демек, 2-мартка чейин ата мекендик уюмдар, дыйкан жана фермердик чарбалар, туруктуу мекемесин түзүү менен Кыргызстандын аймагында ишмердигин ишке ашырган чет өлкөлүк уюмдар бирдиктүү салык декларацияны берүүгө милдеттүү.

1-апрелге чейин мамлекеттик кызматкерлер, жеке ишкерлер (анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр), менчигинде салык салынуучу кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер тилкеси (короо-жай тилкелеринен башка) бар жеке жактар, юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердиктерин ишке ашырышкан дыйкан жана фермердик чарбалар бирдиктүү салык декларацияны берүүгө милдеттүү",- деп билдирет Мамлекеттик салык кызматы.

Декларацияны өз убагында бербегендерге 2000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом суммасында административдик айып салынмакчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: