super.kg logo
  Саясат  

Ширин Айтматова депутаттар кантип гейлердин жарнамаларын таап жатышканына кызыкты

 

Бүгүн, 17-февралда Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында ЛГБТны (лесбиянкалар, гейлер, бисексуалдар, трансгендерлер) үгүттөөгө тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору каралып жатат.

Жыйындын жүрүшүндө мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, депутат Курманбек Дыйканбаев эгер мурда ВИЧ/СПИД оорусу көп учурда ийне аркылуу жугузулса, азыркы тапта эркектердин ортосунда болгон жыныстык акттын жыйынтыгында өтүп жаткандыгын билдирди. "ЛГБТнын баалуулуктары биздин адеп-ахлакка каршы келет. Мыйзам долбоору менен биз Кыргызстанда гей-параддарды өткөрүүгө, аларга арналган тасмаларды көрсөтүүгө тыюу салууну сунуштап жатабыз. Гейлер өз үйлөрүндө эмне кылгысы келсе, кыла беришсин, бирок коомго өз баалуулуктарын жарыялабасын деп жатабыз. Мисалы, телеберүүлөрдө, басылмаларда бир жыныстык акттарга чакыруу боюнча жарнамаларды байкап жатабыз. Бул терс көрүнүш",- деди депутат.

Комитет мүчөсү Ширин Айтматова демилгечилерди мыйзам долбоорундагы "үгүттөө" деген сөздү тагыраак түшүндүрүүгө чакырды. Мындан тышкары ал депутаттар кантип аталган жарнамаларды таап жатышканына кызыкты. Турсунбай Бакир уулу "бирге издеп көрөлү" деп тамашалады. Андан соң Ш.Айтматова мыйзам долбоорун "дискриминациялык" деп баалап өттү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: