Алмазбек Атамбаев Улуу Жеңиштин 70 жылдыгын мыкты белгилөө боюнча Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысына тапшырма берди

Бүгүн, 17-февралда президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Асанбек Алымкожоевди кабыл алды. Жолугушууда мамлекет башчыга өлкөнүн Куралдуу күчтөрүн реформалоонун жүрүшү тууралуу маалымат берилди. Мындан тышкары Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгына карата көрүлүп жаткан даярдыктар туурасында дагы сүйлөшүү жүрдү.
Алмазбек Атамбаев Улуу Жеңиштин 70 жылдык мааракесине өз учурунда жана жакшы даярдык көрүү боюнча тапшырма берип, жалпы элдик майрамды жогорку деңгээлде өткөрүү керектигин белгиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

