super.kg logo
  Саясат  

Япония өкмөтү 18 жыл ичинде Кыргызстанда 114 долбоорду ишке ашырганы айтылды

 
Япония өкмөтү 18 жыл ичинде Кыргызстанда 114 долбоорду ишке ашырды. Муну 17-февралда Жайыл психоневрологиялык мекемесине 100 985 долларлык жардам көрсөтүү багытындагы документке кол коюу учурунда Япониянын Кыргызстандагы элчиси Такаюки Коикэ билдирди. Элчи 1996-жылдан бери "Чөптүн тамыры жана адамзат коопсуздугу" программасы иштеп жатканын белгилеп: "Бул жылдар аралыгында 7 миллион 387 278 долларлык долбоорлор ишке ашырылды. Алар адамдын негизги муктаждыктарын жергиликтүү бийликтин, өкмөттүк эмес уюмдардын, алгачкы медициналык жардам көрсөтүүнүн күчү менен чечүүгө багытталган",- деди.  
Социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев: "Жайыл психоневрологиялык мекемесинде учурда түрдүү оорулардан жабыркаган 242 айым жашайт. Биздин калкалообуздагы жарандардын жашоосун жакшыртуу үчүн иштерди улантып жатабыз",- дегенин Социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: