super.kg logo

"Жарандык активисттердин "Кыргызстанда 3500 селсаяк бар" деген маалыматы туура эмес" дейт кайрымдуулук фондунун төрагасы

 

“Өткөн аптада нааразычылык акциясына чыккан жарандык активисттердин “Кыргызстанда 3500 селсаяк бар” деген маалыматы туура эмес. Мындай санды чет өлкөлүк бирөөлөр укса, өзүбүз үчүн эле уят нерсе”. Мындай оюн SUPER.KG порталына “Ачык эшик” коомдук кайрымдуулук фондунун төрагасы Давлет Нарматов билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда бардыгы болуп 1800дөй селсаяк бар. Алардын ар бирин сүрөткө тартып, канча жолу соттолгон, канча жылдан бери селсаяк болуп жүрөт, баарын жазып алышкан.

“20 жылдан бери иштеп келе жатабыз. Айта кетсек, Нарын облусунда 10, Ош облусунда 300дөй, Ноокатта 2-3, Өзгөндө 2-3, Караколдо 40тай адам, Балыкчыда 10го жетпеген селсаяк бар. Ал эми жарандык активисттерден Кыргызстанды уят кылбоону суранат элем. Бир карасаң бакка жармашышат, бир карасаң башкасын айтышат. Алардын эми тийишпегени эле селсаяктар калды. Бул жөн эле өзүн өзү пиар кылуу, ар ким өз ишин жасаса... Ансыз деле Кыргызстан пикет-митингдер боюнча биринчи орунда турат”,- дейт аталган кайрымдуулук фондунун төрагасы Давлет Нарматов.  

Ошондой эле фонддун өкүлү "селсаяктарга медициналык кароо жакшы көрсөтүлбөйт" дегенге кошулбай турганын билдирди. “Мисалы, Наркология борбору оорулууларды тандабайт, баарын 100 пайыз кабыл алат”,- дейт ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: