Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугунун кызматкерлери Бурсадагы мекендештер менен жолугушту
Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугунун кызматкерлери 11-12-февраль күндөрү кыргызстандыктар көп жашаган Бурса шаарына барышып, консультативдик жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда КРнын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Жолугушууда башкы консул Ренат Түлөбердиев жарандардын суроолоруна жооп берген. "Башкы консулдуктун кийинки сапары март айынын башында уюштурулат. Анда Стамбул шаарынын бардык аймактарындагы кыргыз диаспора өкүлдөрү жана студенттер катышмакчы",- деп билдирет ТИМ.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

