super.kg logo

Бишкекте эртең “Ак таңдай акын Арстанбек” аттуу көргөзмөнүн ачылышы болот

 

18-февралда Бишкектеги КРнын Улуттук китепканасында “Ак таңдай акын Арстанбек” аттуу көргөзмөнүн ачылышы орун алат. Аталган китепканадан билдиришкендей, иш-чарада белгилүү көрөгөч акын Арстанбек Буйлаш уулунун 190 жылдыгына арналып жазылган “Эл менен сен бийиксиң” аталышындагы китептин бет ачары болот.

Маалым болгондой, китеп коомдук ишмер Муканбай Курманкожоевдин демилгеси менен басылып чыгарылып, анда Арстанбек Буйлаш уулунун чыгармачылыгы жана ишмердүүлүгү баяндалат. Ал эми көргөзмөгө анын жашоосу жана басып өткөн жолу чагылдырылган гезит-журналдардагы макалалар коюлат.

Арстанбек Буйлаш уулу 1824-жылы Ысык-Көл облусунун Сырт аттуу жеринде туулган. Ал ойчул, философ, виртуоз комузчу, төкмө акын. “Замана” агымынын эң көрүнүктүү адамдарынын бири. Арстанбектин чыгармачылыгында олуттуу теманы заман ырлары түзгөн. Чыгармаларынын чордону деп эсептелген “Тар заман” үзүндү түрүндө колго тийген. Көптөгөн санат-термелери белгисиз бойдон калган. “Тар заман” акындын турмуштук, социалдык жана коомдук көз карашынын натыйжасы болуп саналат. 

Арстанбек Буйлаш уулу 1878-жылы Нарын облусунда каза болуп, Ысык-Көлдүн тескейиндеги Чычкан конушундагы Таш-Кыя бейитине коюлган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: