Өмүрбек Текебаев: "Японияда компьютердик технология өнүксө да, шайлоодо бюллетендер кол менен саналат"




Бүгүн, 17-февралда парламенттин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин жыйынында шайлоо боюнча мыйзамга киргизилчү өзгөртүүлөр талкууланып жатат. Депутат Өмүрбек Текебаев жакында Японияда өткөн шайлоо боюнча өз пикирин айтты. "Япония заманбап компьютердик технологиялар менен мактоого татыктуу. Бирок шайлоо бюллетендери компьютер менен эмес, кол менен саналат экен. Биз да муну эске алышыбыз керек",- деди депутат.
Автор: Нургазы Аматов
Фото: Нургазы Аматов
Комитет мүчөлөрүнүн айтымында, Кыргызстанда келерки парламенттик шайлоодо кол менен саналган бюллетендердин көрсөткүчү негизги болот. "Ооба, келерки шайлоодо биз компьютердик технологияны колдонобуз. Бирок анын көрсөткүчү алдын ала маалымат катары эсептелет",- деди депутат Абдыжапар Бекматов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

