super.kg logo
  Саясат  

Ысык-Көл. Облуста жазгы талаа иштерине карата техникалардын 50 пайызы даяр

 

Ысык-Көл облусу боюнча 179 миң 448 гектар эгин талаасы болсо, быйыл 96 миң 742 гектарына дан эгиндерин жана төө буурчак айдоо болжолдонууда. Мунун ичинен 61 миң 357 гектар аянтка жаздык буудай, 25 миң 183 гектарга арпа, 300 гектарга дан эгиндеринин түрлөрү себилет. Бул тууралуу жыл жыйынтыгын чыгарган коллегиялык жыйында айтылды. Мындан сырткары 29 миң гектарга картошка, 2 миң 336 гектарга жашылча, 140 гектарга май өсүмдүктөрү, 160 гектарга тоют өсүмдүктөрүн айдоо пландалууда. Ал эми быйылкы жазгы талаа иштерине карата техникалардын 40-50 пайызы даярдалды жана 9 тоннадан ашык күйүүчү май керектелиши күтүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: