super.kg logo

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына газоанализатор аппараты белекке берилди

 

Кыргызстандагы Озон борборунун адистери өкмөткө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын аймактык башкармалыктарынын жана борбордук аппаратынын инспекторлоруна озон катмарын коргоо жана озон катмарынын бузулушуна алып келүүчү терс заттардын алдын алуу тууралуу окуу өткөрүштү. Бул тууралуу 17-февралда мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Окуунун жыйынтыгы менен Озон борбору тарабынан Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына баасы 4 миң доллар турган газоанализатор аппараты белекке берилди. Ушул эле семинар 24-февраль күнү Ош шаарында өткөрүлөт. Ага инспекциянын Ош, Жалал-Абад, Баткан облустарындагы аймактык башкармалыктын инспекторлору катышмакчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: