super.kg logo

Жарандарды жумушка орноштуруу борбору бир жылда 362 адамды гана иш менен камсыздаган

 

Бүгүн, 17-февралда Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин жыйынында мигранттарды жумуш менен камсыз кылуу борборунун дарегине катуу сындар айтылды. Жыйында борбор жетекчиси 2014-жылы аталган борбор 362 кыргызстандык жаранды Орусия жана Казакстанга жумушка орноштурганын айтты. Бирок мындай жыйынтыкка министр Айбек Азыранкулов макул эместигин айтып, борбор эч кандай иш аткарбай жатканына токтолду.

“362 жаранды жумушка орноштурдук” деп жатасыздар. Бирок алар сиздерден жөн гана кеңеш алып, өздөрү эле кетип жатышпайбы. Жумушка сиздер орноштурдуңуздар дейли, бирок күнүнө жүздөгөн жарандар жумуш издеп кетип жатса, сиз айтып жаткан көрсөткүч уят. Сиздер кетип жаткан ар бир жаран менен тыгыз иш алып барышыңыздар керек болчу. Анан да сиздердин милдетиңиздер - өлкө ичиндеги жарандарды жумуш менен камсыз кылуу. Бул жагынан бир да адамды жумушка орноштурбапсыздар. Бул борбордун Ош шаарына да бөлүмү ачылган, бирок ал жер иштебейт турат. Комиссия барганда гана ачылдык деп көрсөтүп, кийин жаап саласыздар. Ошондуктан мен сиздин жоопкерчилигиңизди кароого мажбур болом”,- деди Азыранкулов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
17.02.2015. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушундай борбордун кереги барбы?
17.02.2015. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акчаны болуп берген бирок жеп койгон. Карга карганын козун чукубайт. Бирок ...
17.02.2015. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
уят эле кантип уялбай айтты экен
18.02.2015. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Fed9, баш тамгалар грамматикалык эрежелерге ылайык колдонулушу керек. Билдирүүңүз өчүрүлдү.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: