super.kg logo

Жайыл райондук аялдар психоневрологиялык жатак-үйү 100 миң долларлык материалдык жардам алды

 

Жайыл райондук аялдар психоневрологиялык жатак-үйүнө 100 миң долларлык материалдык жардам берилди. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, гранттык жардамдын суммасы 100 985 АКШ долларын түзүп, Япония өкмөтүнүн “Чөптүн тамыры жана адамдын коопсуздугу” аталышындагы долбоорунун алкагында берилди.

Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаевдин айтымында, долбоор Жайыл райондук аялдар психоневрологиялык жатак-үйүнүн жашоо шартын жакшыртууга багытталган. Азыркы тапта бул мекемеде 242 бейтап ар кандай психикалык оорулардан дарыланууда.   

Ал эми Япониянын Кыргызстандагы өкүлү Такаюки Коикэнин айтымында, Кыргызстандын аймагында 1996-жылдан бери 114 долбоор иштеп келген. Аларга жумшалган жалпы сумма 7 387 278 долларды түздү. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: