super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстандын Улуттук банкында учурда 1 миллиард 800 миллион доллар бар

 

Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин 17-февралдагы жыйынында чет өлкөлүк валюталардын курсунун өсүүсү жана өлкөнүн социалдык-экономикалык абалына таасири тууралуу маселе каралды. Улуттук банктын корунда дагы 1 миллиард 800 миллион доллар өлчөмүндө каражат бар экени жыйында белгилүү болду. Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун айтымында, жыл башынан бери улуттук валютанын кунун бекемдөө багытында 109 миллион долларга жакын каражат жумшалды. "Каржылык интервенциялар чет өлкөлүк валютага карата сунуштардан талаптар оордук кылган учурда жасалат. 2014-жылы 516 миллион долларга 61 жолу интервенция жасалды. Биздин каржы корубузду толуктоо максатында валюта сатып алуу менен бирге, өзүбүз дагы чет өлкөлүк валюталарды сатып алууга туура келет",- деди Абдыгулов.

Сомдун туруктуулугу менен доллар кунунун деңгээлин алдын ала болжолдоо кыйын экенин айтты. "Азырынча доллардын наркы бир аз түшкөндүктөн, акыркы 10 күндөн бери интервенция жасала элек. Каржылык интервенциянын мөөнөтү менен көлөмү өлкөдөгү экономикалык абалга жараша болот",- деп кошумчалады Улуттук банктын жетекчиси.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: