Эртең борбордун бир катар аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт



Эртең, 18-февралда борбордун бир катар аймактарында оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан билдиришти.
Автор: Мальвина Уметбекова
Маалыматка ылайык, саат 9:00дөн саат 17:00гө чейин Бишкек шаарынын Көк-Жар конушунун Көк-Жайык, Көк-Жаңгак, Босого, Шоокум, Кулмурзаев, Чар, Арстанбап, Достоевский көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт. Ошондой эле Низовая, Весёлая, Лермонтов, Целиноград, Салиева, Древесная, Кирпичная, Осмонкул, Манас, Удмурт, Чүй көчөлөрүндө “Орок”, “Лермонтов” көмөк чордонунан тараган 10 кВт аба электр чубалгысы жана №248-көмөк чордонундагы оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт. "Түндүк электр" ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.