super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев Канаданын элчиси Шон Стайл менен жолугушту

 

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 17-февралда Канаданын Кыргызстандагы элчиси Шон Стайл менен жолугушту. Жолугушууда тараптар эки өлкө ортосундагы кызматташтык мамилелерди арттыруу жаатында пикир алышты.

Текебаев элчинин иши өлкөлөр ортосундагы байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө түрткү берерине ишенерин билдирди. “Биздин өлкө парламенттик демократия жолуна түшкөндүктөн, демократиялык принциптерди бекем карманабыз”,- деген депутат шайлоо процессин ачык-айкын өткөрүүгө багытталган өлкөнүн шайлоо системин реформалоонун жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Стайл канадалык тараптын Кыргызстан менен мамилесин бекемдөө үчүн кыргыз парламентинин бир катар депутаттары менен жолугушууларды өткөрүп жатканын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: