super.kg logo
  Саясат  

Тайырбек Сарпашев: "Былтыркы жылга чейин бир эле өндүрүштү 7 мекеме барып текшерчү, азыр андай эмес"

 

«Экологиялык-техникалык инспекцияны түзүү менен өкмөт кайталанма текшерүүлөрдүн санын кыскартып ишкердиктин өнүгүүсүнө жол ачты». Мындай пикирди вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев аталган инспекцияга болгон иш сапарында айтты. «Өткөн жылга чейин, бир эле өндүрүштү 7 мекеме барып текшерчү. Бул ишкерди иштетпей эле текшерүүлөр менен алектенүүгө түртчү. Азыр андай эмес, бир гана инспекция текшерип жатат. Мындай шарт бизнестин өнүгүүсүн жакшы шарттайт деп ишенем»,- деди  вице-премьер-министр. Ошондой эле иш сапарында Сарпашев бир жылдын ичинде кызматкерлерге түзүлгөн шарттарга оң баасын берди жана мекеменин жаңы түзүлгөндүгүнө карабастан жылыштар бар экенин белгиледи. 

 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: