Кыргызстанда 33 миң салык төлөөчү бирдиктүү салык декларациясын тапшырды
2015-жылдын
17-февралына карата 33 752 салык төлөөчү бирдиктүү салык
декларациясын тапшырды, анын ичинен 6926сы уюмдар, 12 902 жеке
ишкерлер жана 13 744 жеке жактар. Бул тууралуу 18-февралда Мамлекеттик салык кызматы билдирди. 2-мартка чейин ата мекендик уюмдар, дыйкан жана
фермердик чарбалар, туруктуу мекемесин түзүү менен Кыргызстандын аймагында иш жүргүзгөн чет өлкөлүк уюмдар
бирдиктүү салык декларациясын берүүгө милдеттүү.
Автор: Автандил Добулбеков
"31-мартка чейин мамлекеттик кызматкерлер, жеке ишкерлер (анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр), кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер тилкеси (короо-жай тилкелеринен башка) бар жеке жактар, юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердиктерин ишке ашырышкан дыйкан жана фермердик чарбалар бирдиктүү салык декларациясын берүүгө милдеттүү",- деп билдирет мекеме.
Декларацияны өз убагында тапшырбаган жеке жактарга 2000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
2

