super.kg logo

Журналисттерге карата жасалган орой мамиле боюнча иликтөө жүрүүдө

 

Журналисттерге карата жасалган орой мамиле боюнча иликтөө жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, журналисттер Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына арыз менен кайрылышкан. Анда алар Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жана ошол жердеги милиция кызматкерлери орой мамиле жасашканын айтышкан. Учурда бул боюнча Ички коопсуздук кызматы иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Айта кетсек, кечээ, 17-февраль күнү “Азаттык+” телепрограммасынын журналисти Токтосун Шамбетов жана оператор Жанарбек Жолдошбаев Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору Ашыралы Зурдиновдон академиядагы коррупция боюнча интервью алганы барышкан. Бирок окуу жайдын кызматкерлери журналисттерди ректорго киргизбей, ошол жердеги милиция кызматкерлери менен бирге күч колдонуп окуу жайдан чыгарып салышкан. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
18.02.2015. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо, бул жерде коррупция аябаай гүлдөп-өнүккөн дешет.Жакшы текшергиле, айрыкча академиянын алдындагы лицейди.Бул лицей 9-11-класстын базасында окутат, бирок контрагы эле 45-50 миңге жетип калды дешти эле.Лицейдин эле жөнөкөй мугалимдери доллар менен алышат деп уккам,айрыкча 11-кл. академияга өткөрүү үчүн...Жалпы тест тапшыруу учурунда да барсаңар жакшы болмок.Мектеп окуучуларын азыртадан эле коррупцияга үйрөтүп жатышпайбы булар...
Модератор Ajar. түзөттү 2015-02-18 10:23:08
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: