Парламент юстиция министри кызматына Жылдыз Мамбеталиеванын талапкерлигин карап жатат



Бүгүн, 18-февралда парламент жыйынында Жылдыз Мамбеталиеванын юстиция министри кызматына талапкерлиги каралып жатат.
Автор: Нургазы Аматов
Фото: Нургазы Аматов
Айта кетсек, 17-февралда Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитети юстиция министри кызматына Ж.Мамбеталиеванын талапкерлигин бир добуштан жактырган. Министрлик кызматка талапкерди өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев сунуштаган.
Жылдыз Мамбеталиева
Туулган жылы - 1971-жыл, 26-январь.
Туулган жери - Бишкек шаары.
Улуту - кыргыз.
Билими - жогорку, адистиги - укук таануу.
Билген тилдери - кыргыз, орус, англис.
Акыркы мезгилде иштеген кызматтары:
2005-2008-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратында укуктук камсыз кылуу жана кадрлар кызматы бөлүмүнүн башчысынын орун басары, 2008-жылдан бери юстиция министринин орун басары болуп иштейт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

