Жалал-Абад облусунда 2014-жылы 12 Жаштар борбору ачылганы айтылды
Жалал-Абад облусунда 2014-жылы 12 Жаштар борбору жана 1 Жаштардын муниципалдык комплекси ачылды. Бул тууралуу 18-февралда Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги билдирди. "Айыл жаштарына колдоо көрсөтүү, жаштарды өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, түрдүү улуттагы жаштар арасында достук мамилени чыңдоо максатында иштер жасалды. Имараттарды оңдоп-түзөө иштери жүрүп, эл аралык донорлордун жардамы менен республиканын аймактарында Жаштар борборлору ачылып, иштеп жатат",- деп билдирди министрлик.
Былтыр Ош облусунда 9 Жаштар борбору, Талас облусунда 1 Жаштар борбору жана 1 Жаштар үйү, Нарын облусунда 6 Жаштар борбору, 1 Жаштар үйү ачылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

