super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган мыйзамга кол койду

 

Президент Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзамдарына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзамга бүгүн, 18-февралда кол койду. 2015-жылдын 14-январында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзамдын максаты - жол коопсуздугун камсыз кылууга жана жол эрежесин бузгандардын жоопкерчилигин күчөтүү. Ал үчүн мыйзамга түзөтүүлөр Кылмыш-жаза, Жазык-процессуалдык жана Административдик жоопкерчилик кодекстерине киргизилди. Жол эрежесин бузууда кырсык болгон жерден күнөөлүү адам изин жашырып качып кетсе жана адам өлүмүнө алып келген учурда жоопкерчиликке тартылып, унаа айдоо укугунан ажыратылат. Андан сырткары административдик кодекске “автобейбаштык” деген түшүнүк киргизилип жатат. 

Мыйзам расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: