Караколдо акын Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына арналган бир катар иш-чаралар өткөрүлөт

Каракол шаарынын мамлекеттик маданий мекемелеринде Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына карата бир катар иш-чаралар өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда шаардык мэриядан билдиришти.
Автор: Мальвина Уметбекова
Маалыматка ылайык, аталган мааракеге карата шаардын ичине баннерлер, иллюстрациялык-түшүндүрмө материалдар илинмекчи. Бала бакчаларда, мектептерде, жогорку, атайын жана кесиптик окуу жайларында Алыкул Осмоновдун ырларын көркөм окуу, поэзия сааттары, ыр кечелери уюштурулат. Ошондой эле акындын чыгармалары боюнча адабий викториналар жана сүрөт сынактары өткөрүлмөкчү.
Андан сырткары Каракол шаарынын музейлеринде жана китепканаларында Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгын чагылдырган бурчтар жана көргөзмөлөр да уюштурулмакчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.