super.kg logo
  Саясат  

Молдакун Абдылдаев: "Президент деле жаран катары каалаган жеринде эс алууга укуктуу"

 

Бүгүн, 18-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мыктыбек Абдылдаев Алмамбет Шыкмаматовдун юстиция министри кызматынан бошотулушу туура эмес болушу мүмкүн экенин айтып чыкты. Абдылдаев аталган министрди президент эмгек өргүүсүндө жүргөндө иштен бошотконун айтты. 

Президенттин парламенттеги өкүлү Молдакун Абдылдаев буга төмөнкүдөй жооп кайтарды. "Президент эмгек өргүүсүндө жүргөнүнө карабай өзүнүн ыйгарым укуктарын аткара алат. А.Шыкмаматовду министр кызматынан алуу боюнча жарлыкка кол коюу дипломатиялык почтаны пайдалануу менен өткөрүлгөн".

Мындан кийин депутат Абдылдаев президент эмгек өргүүсү учурунда өлкө аймагында жүрсө гана ыйгарым укуктарын аткара аларын айтып, "өлкө башчы чет өлкөгө эс алууга же дарыланууга кетсе, сөзсүз коомчулукка жарыяланып турушу керек" деп билдирди. 

Президенттин парламенттеги өкүлү жооп катары буларды билдирди:

"Президент жакында кыска мөөнөттүү эс алууга чыккан. Мамлекет башчы жаран катары кайсы жерде эс аларын өзү билет, бул анын укугу".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: