super.kg logo

Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Канатбек Исаевдин кризиске каршы жеке планы даяр

 

Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Канатбек Исаев 17-февралда өткөргөн маалымат жыйынында кризиске каршы жеке планы даяр болгонун билдирди. “Жеке планым даяр болду, жакында кризиске каршы программанын тизмесине кирет. Программамда 2015-жылы облус боюнча 10дон ашуун ишкана куруу жана социалдык объектилерди салуу маселелери каралган. Бул менин оптималдуу планым, аны ишке ашырууга убада кылам. Ал эми биз кытайлык ишкерлер менен тыгыз мамиледе иштеп жатабыз, алар Кыргызстанга инвестиция салууга даяр экендиктерин айтышууда”,- деди Исаев.

Андан сырткары өкмөт өкүлү 2015-жылы Чүй облусунда дыйкандар үчүн суу көйгөйү жаралбай турганын айтты.

“Орто-Токой суу сактагычында 470 миллион куб метр суу сакталат. Бирок өткөн жылы кургакчылыкка байланыштуу суу тартыш болуп, дыйкандар кыйналып калышкан. Метеорологдордун алдын алып айтуусуна караганда, быйыл, кар жетишерлик жаагандыктан, кургакчылык болбойт. Орто-Токой суу сактагычы сууга толсо, быйыл дыйкандарга көйгөй болбойт деп ишенем”,- деди ал. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: