super.kg logo

Бактыбек Үмөталиев: "Москва облусунун Сахаровосунда күнүгө 3 миң киши патент алуу үчүн кезек күтүүдө"

 

Белгилүү болгондой, 2015-жылдын 1-январынын тарта Орусия Федерациясынын аймагында иштөө патенттер менен гана ишке ашат. Бүгүнкү күндө Москва облусунун Сахаровосундагы Мамлекет аралык миграциялык борборунда күн сайын 3 миң киши патент алууга өз кезегин күтүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 18-февраль күнү журналисттер менен жолугушуу учурунда Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин жалпы консулдук суроолор боюнча бөлүмүнүн башчысы Бактыбек Үмөталиев билдирди. Анын айтымында, кезек күткөндөрдүн мындай көп болушу Москва облусунда болгону бир Миграциялык борбор иштеп жатканына байланыштуу. Бул мекеме баарын учурунда кабыл алууга жетишпей жатат.

“Биз 11-февраль күнү Сахарового барып, 3 миң кишинин арасында 200 кыргыз жараны бар экенин билдик. Бул маселени чечүү үчүн дагы бир борбор ачуу керектигин белгилеп, Орусиянын Тышкы иштер министрлигине нота жибердик. Кошумчалай кетсек, Кыргызстан май айларына барып Бажы союзуна киргенден баштап патент алуу системи биздин жарандар үчүн жоюлат”,- деди Үмөталиев.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
18.02.2015. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оо жакшыго Аллах насип этсе май айында корожатарбыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: