Кыргызстанда 1 айда 13 109 ымыркай төрөлдү
Кыргызстанда 2014-жылдын январь айында 13 109 ымыркай төрөлдү. Мамлекеттик каттоо кызматы 18-февралда билдиргендей, ымыркайлардын төрөлүү көрсөткүчү боюнча Ош облусу алдыда. Аталган облуста бир айда 2908 наристе жарыкка келген. Чүй облусунда 1729, Бишкек шаарында 1873, Жалал-Абад облусунда 2672 ымыркай төрөлгөн. Төрөлүү көрсөткүчү Нарын (555 ымыркай) жана Талас (561 ымыркай) облустарында төмөн экени айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

