"Курманжан датка" тасмасын интернетке тараткан" деп шектелип 4 адам кармалды
"Курманжан датка" тасмасын интернетке тараткан" деп шектелип 4 адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда парламент жыйынында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлдөрү билдиришти.
Автор: Нургазы Аматов
Алардын айтымында, учурда өлкөнүн күч түзүмдөрү тергөө амалдарын жүргүзүп жатышат, бирок кылмыш иши козголо элек.
Айта кетсек, 23-январда "Курманжан датка" тарыхый тасмасы интернеттеги социалдык тармактарга тарап кеткени айтылган. Мамлекеттик "Кыргызфильм" фондунун директору Урмат Айталиев "тасманы интернетке каракчылык жолу менен жайылткандарды жоопко тартыш керек" деп билдирүү жасаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

