super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстандын аймагында иштеген Катар инвесторлору кош салык кыйынчылыгынан бошотулушат

 

Кыргызстандын аймагында иштеген Катар инвесторлору кош салык кыйынчылыгынан бошотулушат. Тийиштүү келишимдин долбоору бүгүн, 18-февралда парламент жыйынында каралды. Экономика министрлигинин маалыматына таянсак, бул келишим кош салык салууну болтурбоо жана өлкөдө инвестициялык жагымдуу шарт түзүү максатында түзүлүп жатат. Келишим күчүнө кирсе, Кыргызстандын экономикасына инвестиция салган катардык ишкерлер кош салык кыйынчылыгынан кутулуп, биздин улуттук мыйзамдарыбызга ылайык гана салык төлөп калышат.

Эске салсак, буга чейин парламент тарабынан эки өлкө ортосундагы экономикалык, соода жана техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашуу бекитилген. Азыр араб өлкөлөрү, анын ичинде Катар мамлекети менен кызматташтык мамилелер жанданып, өлкө аймагында Катардын 5 компаниясы иштеп жатат.

Катар тарап Кыргызстандын экономикасына инвестиция салып, бир катар ири долбоорлорду ишке ашырууга, биоветеринардык лабораторияларды куруп, экологиялык жактан таза эт азыктары менен минералдык сууларды алууга кызыкдар. Бул багытта өкмөттөр аралык жумушчу комиссиясы иш алып барууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: