super.kg logo

Башкортостандын Маданият күндөрүндө жети кыздын эрдиги чагылдырылган “Етегэн” аттуу музыкалык тасма көрсөтүлөт

 

3-5-март күндөрү Бишкекте Башкортостан Республикасынын Маданият күндөрү өткөрүлөт. Иш-чаранын бет ачар аземинде “Жети кыз” башкыр уламасынын мотивинде тартылган жана элдик ырларынан турган “Етегэн” аттуу музыкалык тасма көрсөтүлөт. Бул тууралуу КРнын Кинематография фондунан билдиришти.

Аталган фильмдин сценарийинин авторлору - Айсыуак Юмагулов, Алтынай Бурина, Ирина Хужина, режиссёру - Айсыуак Юмагулов.

Бул фильмде туулган жерин коргоого алышкан жети кыздын эрдиги тууралуу баяндалат. Етегэн – Чоң Жетиген жылдыздар тобунун башкырча аталышы. Уламыш боюнча, кыздар душмандар менен болгон аёосуз салгылашууда жылдызга айланып кетишет. Ал эми башка версия боюнча, кыздар туткунга кабылбаш үчүн бийик аскадан бой ташташат. Тасмада болсо эки версия тең өз ордун тапкан.  

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
18.02.2015. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Боордош улуттар аралык ынтымак улана берсин.Башкырлар Кыргыздарга жакын эл.Угушумча Кыргыз уруулары да бар Башкирияда.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: