super.kg logo
  Саясат  

"Бүтүн Кыргызстан" менен "Бир болдун" биригүү аракети токтоду

 
"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын "Бир бол" партиясы менен биригүү процесси токтотулду. Мындай маалыматты бүгүн, 18-февралда "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын саясий кеңеши билдирди. Маалыматта партиялардын биргелешкен курултайын өткөрүү иштерине даярдык көрүү учурунда принципиалдуу маселелер боюнча пикир келишпестик чыкканы айтылат. "Буга байланыштуу биригүү процесси токтотулду" деп жарыяланды.
Айта кетсек, бир ай мурун аталган партиядан "Биригүү процесси ийгиликтүү аяктагандыгын расмий түрдө билдиребиз. Биригүүнүн негизинде түзүлө турган жаңы партиянын уставы жана программасынын долбоорлору иштелип чыкты. Учурда биргелешкен уюштуруу тобу тарабынан "Бүтүн Кыргызстан" жана "Бир бол" партияларынын кошмо съездин өткөрүүгө даярдык иштери жүрүп жатат" деп билдирген эле.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: