Чыныбай Турсунбеков европалык эксперттер менен мыйзам чыгаруу маселесин талкуулады
Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун Мыйзамдык колдоо көрсөтүү департаментинин жетекчиси Эллис Томас баштаган эксперттер менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда парламенттик басма сөз кызматы билдирди.
"Эксперттик топту парламенттик башкаруу жолуна кадам таштаган Кыргызстандагы мыйзам жаратуу жол-жоболору кызыктырды. Жолугушууда тараптар мыйзам долбоорун демилгелөө, аларды кароо маалында жарандык коомдун катышуусу, корутундуларды эске алуу сындуу маселелер талкууланды.
Ошону менен катар мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүн өркүндөтүү боюнча кеңири пикир алышуу болду",- деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

