super.kg logo

"Эки баласын өлтүрдү” деп шектелген аялды жумушка алууда мыйзам бузуулар катталган

 

"Эки баласын өлтүрдү” деп шектелип жаткан аялды мектепке жумушка алууда мыйзам бузуулар катталган. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасынан билдиришти.

Мыйзамга ылайык, мурда соттолгон жана медициналык каршы көрсөтмөсү барлар билим берүү тармагында иштей алышпайт. "Эки баласын өлтүрдү” деп шектелип жаткан аялды жумушка алууда жогорудагы нерселер текшерилген эмес. Мындан улам Ленин райондук прокуратурасы Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгына кетирген катасы үчүн эскертүү, ал эми шаар мэрине мыйзамды бузгандарды жазага тартуу боюнча сунуш берилди.

Айта кетсек, 15-февраль күнү Арча-Бешик жаңы конушундагы батирлердин биринен 3 жана 4 жаштагы балдардын жансыз денелери табылган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары маркум балдардын апасы кармалган.

Ошондой эле кылмышка шектүүнүн Бишкектеги мектептердин биринде мугалим болуп иштеп келгени белгилүү болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: