super.kg logo
  Саясат  

Дастан Бекешев: "Мектеп окуучулары үчүн Камчы Көлбаев авторитет болсо, албетте, рэкетчилик токтобойт"

 

Бүгүн, 18-февралда парламентте балдарга жана өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулуктун алдын алуу маселеси талкууланып жатат. Депутат Дастан Бекешевдин айтымында, аталган көйгөйдү 3 бөлүккө бөлсө болот: 

1. Бала бакчалардагы жана мектептердеги зомбулук;

2. Үй-бүлөдөгү зомбулук;

3. Ата-эненин кароосуз калган балдарга карата зомбулугу. 

"Бала бакчалардагы тарбиячылар тарабынан балдарды кыйноо фактылары бар. Мектептерде рэкетчилик өнүккөн, анткени окуучулар үчүн Көлбаев, Акматбаевдер авторитет",- деди депутат.

Бекешев буларды кошумчалады:

"Үй-бүлөдөгү зомбулукка аракечтик негизги себеп болууда. Азыркы мезгилде аракты арзан баада каалаган жерден алууга мүмкүн. Өкмөт буга каршы иш алып барышы керек. Ал эми иштегени чет өлкөгө кеткендер балдарын мекенинде калтырышат эмеспи. Өкмөт бул жерде дагы эч кандай иш-аракет кылбай эле. Тескерисинче, өкмөт "мигранттардан акча которуулар көбөйүүдө" деп жыргап жатат. Мекенинде ишке орноштурууга шарт түзгөн жок".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: