Эртең “Караколдо баш аламандык уюштурушкан” деп айыпталып жаткандар боюнча коомдук талкуу өтөт
Эртең, 19-февралда Бишкекте “Караколдо баш аламандык уюштурушкан” деп айыпталып жаткандар боюнча коомдук талкуу өтөт. Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районундагы Саруу айылы жана Каракол шаарындагы баш аламандыкты уюштуруу боюнча айыпталып жаткандардын азыркы абалы талкууга алынат. Бул тууралуу 18-февралда SUPER.KG порталына Саруу айылынын тургуну Абай Узаков өзү билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Ал: "Азыркы тапта 5 тургун түрмөдө жатат. Дагы 12 бала тергөө иштеринин айланасында суракка алынууда. Эртеңки жыйында мына ушул маселелерди карайбыз",- деди.
Эске салсак, 2013-жылдын 7-октябрында Караколдо “Кумтөр” боюнча меморандумга каршы акция уюштурулган. Анда митингдин катышуучулары өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Каптагаевди бир нече саатка унаада барымтада кармап, андан соң облустук администрацияны курчоого аракеттенишкен. Бул окуяларга тийиштиги бар делинип Жети-Өгүз районунун бир канча тургуну кармалып, аларга карата кылмыш иши козголгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
marik10

22.02.2015. 13:46
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
буларды коомдук талкулоо менен эмне кылышат, кылмыш кодекси бар ошого таянып гана сот чечимге келет. ошол кундору биз кумтордон жоготкон миллиондорду ким кайтып берет? эл окулун барымтага алгандарбы же уюштуруучуларбы?
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.