super.kg logo
  Саясат  

Гезиттерде жарнамаларды эки тилде чыгарууну токтотууга багытталган мыйзам долбоорун парламент 1-окууда жактырды

 
Бүгүн, 18-февралда гезиттердеги жарнамаларды эки тилде чыгарууга тыюу салууга багытталган мыйзам долбоорун парламент биринчи окууда жактырды. 

Айта кетсек, “Жарнак жөнүндө” КРнын мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорунун демилгечиси Өмүрбек Текебаев билдиргендей, азыркы тапта мезгилдүү басылмалар бүткүл дүйнөдө кризиске учурап жатышат. Мыйзам боюнча, бүгүн гезиттер жарнаманы кааласа-каалабаса дагы кыргызча-орусча басып чыгарышы керек болууда. Мындай жагдайда гезитте көп көлөмдү ээлеп калып жатат жана кошумча каражатты талап кылат.

Андыктан сунушталган мыйзам долбоору аркылуу “Жарнак жөнүндө” мыйзамдын 5-беренесинин 3-пунктуна мезгилдүү басылмалардагы жарнама ал басылма чыгарылган тилде жана жарнама берүүчүлөрдүн каалоосу боюнча кошумча башка тилдерде жайылтылышын караган ченемди киргизет.

Ал эми мурдагы талап көчөдөгү көрнөктөргө, телеканалдардагы жарнамаларга кала берет. Себеби аларда көлөм чектелбейт, кошумча каражат талап кылынбайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: