Ош шаарында жоголду деп изделип жаткан кыздын жансыз денеси атасынын мүрзөсүнүн жанынан табылды

Ош шаарында жоголду деп
изделип жаткан 21 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн,
18-февралда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Автор: Бекжан Рыскулов
Маалыматка караганда, 1994-жылы туулган Мария Рыбалова 19-январь күнү саат 09:30 чамасында үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес. Ошондон бери издөө иштери жүрүп жаткан. Бүгүн, 18-февралда анын жансыз денеси Туран кичи шаарчасында жайгашкан атасынын мүрзөсүнүн жанынан табылды. Жанында бир канча белгисиз дарылар болгон. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат.