super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстандагы мал-жандыктарды каттоодон өткөргөн соң Кытайдан келген эттер катуу көзөмөлгө алынат

 

Кыргызстандагы мал-жандыктарды каттоодон өткөргөндөн кийин Кытайдан келген эттерди импорттоодо көзөмөл күчөйт. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда КРнын Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Акылбек Жумалиев ЖКнын комитет жыйынында депутат Эркингул Иманкожоеванын суроосуна жооп берип жатып билдирди. Иманкожоева “Жаныбарларды идентификациялагандан кийин Кытайдан келген эттер Кыргызстанга киргизилеби?” деген суроо берген болчу. Министрдин орун басары Жумалиев "Бажы биримдигине кирген Казакстан "талапка жооп бербейт" деп Кыргызстандан сүт алууга тыюу салган сыяктуу эле биздин да талаптар болот" деди. 

Айта кетсек, бүгүн ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору каралды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: