super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин депутаттары Бишкектеги студенттер менен туризм тууралуу пикир алышты

 
Жогорку Кеңештин депутаттары Асия Сасыкбаева менен Гүласал Садырбаева бүгүн, 18-февралда Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин студенттери менен жолугушту.

Депутаттар Жогорку Кеңештин иши тууралуу маалымат беришип, студенттердин мамлекеттик тилди өнүктүрүү, туризм тармагынын келечеги, жумушсуздукту азайтуу жаатында берген суроолоруна жооп беришти.

"Биз үчүн башкы максат - убакытты баалай билүү жана жакшы билим алуу. Азыр жакшы билим алуу, чет тилдерди үйрөнүү, заманбап технологияларды өздөштүрүү мүмкүнчүлүктөрү арбын",- деди депутат Сасыкбаева. 

Садырбаева жогорку окуу жайларынын студенттери өз окууларында ийгиликтерди жаратып, ата-энелеринин тилегин актоого тийиш экенин айтат. "Силердин ата-энелериңер акы төлөп окутуп жатканын эч качан эстен чыгарбагыла",- деп билдирди депутат.

Депутаттар кыргыз тилинин азыркы абалына токтолуп, мамлекеттик кызматкерлер мамлекеттик тилди билиши керек экенин белгилешти. "Биз башка тилдердин маанисин төмөндөткүбүз келбейт. Бирок аймактарда кыргыз тили колдонулгандыктан, алардын айткан көйгөйлөрүн так түшүнүшү керек",- дейт Садырбаева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: