super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар тарыхый эстеликтер жайгашкан аймакка курулуш иштерин жүргүзүүгө байланышкан талапты күчөтүүнү колдошууда

 

Жогорку Кеңештин 18-февралдагы жыйынында “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 2-окууда каралды.

Мыйзам долбоорунда археологиялык эстеликтерди коргоо аймагында тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоого жана музейлештирүүгө байланышсыз курулуш иштерин жүргүзүүгө тыюу салуу жагы каралган. Тарыхый-маданий мурас объекттерин издөө үчүн жеке жана юридикалык жактардын атайын техникалык куралдарды (металл издөөчү, металлодетектор, радарлар жана магниттик аспаптар) атайын уруксатсыз колдонуусуна тыюу салынары жана мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартууга кирептер кылары айтылган.

Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Мукталы Бектеналиевдин айтымында, мурда тарыхый-маданий мурастардын чектери кеңири белгиленген. Мисалы, шаар ичиндеги тарыхый маданий мурастар объекттеринин чеги өтө эле чоң белгиленген. Ошол эле маалда шаар эли көбөйгөндүгүнө байланыштуу инфраструктураны өнүктүрүү зарылдыгы турат. Андыктан тарыхый-мурастар объекттери жайгашкан жердин чектерин кайра карап чыгып, такталган аймакка ар кандай курулуштарды жүргүзүүгө жол берилбестиги каралган.

Соңунда мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жолдонду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: