super.kg logo

"112" номерине келген чалуулардын көбү жалган болууда

 

17-февралда саат 8:00дөн 18-февраль, саат 8:00гө чейинки аралыкта 112-Бирдиктүү мамлекеттик нөөмөт-диспетчердик кызматына жалпы 373 чалуу болсо, 311и жалган чалуулар болгон. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, анын ичинен Бишкек шаары боюнча 295 чалуу болсо, 256сы жалган чалуу. Ош шаары боюнча 78 чалуунун ичинен 55и чалуу жалган болгон. Жалпы өрткө каршы кызматына 1 жолу кабар берилип, 3 жолу медицина кызматкерлери чакырылса, 56 адамга телефон аркылуу психологиялык кеңеш берилген.

"КРнын ӨКМнын Кризистик кырдаалда башкаруу борборунун адистеринин айтымында, максатсыз чалуулар көп болууда. Жалган чалуулардын көбүн сенсордук уюлдук телефондордун көзөмөлсүз чалынышы жана жаш балдардын ойноп чалуулары, ошондой эле чукул кырдаалга тиешеси жок маалыматтарды сурап чалуулар түзүүдө.

Эгерде сиз ар кандай чукул кырдаалга кабылган болсоңуз, медицина кызматкерлерин (103), милицияны (102), өрт өчүрүүчүлөрдү чакыруу үчүн Бирдиктүү мамлекеттик нөөмөт-диспетчердик кызматына - “112” номерине чалыңыз!"- деп эскертет басма сөз кызматы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
19.02.2015. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ушинтип ойноп жалгандан чалган адамдарды тел номеринен аныктап жоопко тартуу керек штараф толотсо ошол акча чогулуп бирдекеге жарап калат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: