Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкүлөрүн атайылап түшүрүү иш-чаралары башталат
Бишкек-Ош унаа жолундагы 121-137 жана 198-265-чакырымдарында коопсуздукту камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө максатында 19-февралдан 22-февралга чейин артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайылап атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, премьер-министрдин 2015-жылдын 18-февралында чыккан №132-буйругун аткаруу үчүн Кой-Таш айылынан чыккан КРнын Коргоо министрлигинин артиллериялык эсеби жана ӨКМнын ыкчам тобу 2015-жылдын 18-февралында Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда түнөп калышты. 2015-жылдын 19-февралында саат 06:00дө ӨКМнын Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунан жылып жүрүүчү башкаруу пункту жолго чыкты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
0:17
2025-11-07
22:29
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















