super.kg logo

Акчанын кулуна айланган адамдарды сүрөттөгөн "Соолуган гүлдөр-2" тасмасынын бет ачары болду

 
Тасманын режиссёру Тынчтыкбек Бугучиев: "Азыр адамдар акчанын кулу болуп калышпадыбы. Мына ушул көйгөйдү көрсөтүү биринчи максат болду”.
Тасмада башкы каармандын ролун аткарган Айнура Акылбекова: "Режиссёр туура жол көрсөтүп бергендиктен, образды жетиштүү деңгээлде ачып бере алдым”.
Фильмде балдарды саткан каармандын ролун аткарган Ажара Рахманова: "Айнура менин досум болгондуктан, анын сабаган учурун бир канча дубль менен тарттык".

Бүгүн, 19-февралда Бишкектеги “Манас” кинотеатрында Тынчтыкбек Бугучиев режиссёрлук кылган “Соолуган гүлдөр-2” аттуу көркөм тасманын бет ачары жабык эшик артында эл назарына коюлду. Ага биринчилерден болуп тасма жаратуучулар, башкы каармандардын ролун аткарган артисттер, киноискусство тармагында билим алып жатышкан студенттер күбө болушту. 

Бул фильм “Соолуган гүлдөр” аттуу тасманын уландысы, сценарийин режиссёр Тынчтыкбек Бугучиев жазган, оператору – Нурбек Мамбетисаев, директору – Айбек Карымов.

Мистика жанрындагы тасмада башкы каармандардын ролун Айнура Акылбекова, Канат Абдрахманов, Медер Жанбейишов, Ажара Рахманова, Ален Аралбаев, Айдар Жээнкулов, Мээрим Кабаева ойношкон.

Кызганычтын айынан киши өлтүрүп, уулун балдар үйүнө таштап, абакта жети жыл отуруп чыккан Пери аттуу аялдын оор тагдыры сүрөттөлөт. 

Жылдар өтүп, күнөөсүн сезип, уулун көрүү үчүн таштап кеткен балдар үйүнө пол жуугуч болуп жумушка орношот. Ал жерден балдардын сатылып жатканына күбө болуп, милицияга кайрылып, жардам сурайт. Бирок балдар үйүнүн жетекчиси укук коргоочуларга акчаны тең бөлүшүүнү убада кылып, аларды жолго салат. Перини болсо зордуктап, ур-токмокко алышат. Башкы каарман балдарды сактап калуу үчүн сатууга шектүүлөрдөн өч алып, өлүм менен жазалайт.

Режиссёр Тынчтыкбек Бугучиев: “Каражаттын тартыштыгынан тартуу иштери бир жылга созулду. “Соолуган гүлдөр” тасмасында махабат темасы чагылдырылса, экинчи бөлүгүндө адамдардын бири-бирине болгон мамилеси көрсөтүлөт. Азыр адамдар акчанын кулу болуп калышпадыбы. Мына ушул көйгөйдү көрсөтүү биринчи максат болду”,- деди.

Тасмада башкы каармандын ролун чеберчилик менен аткарган Айнура Акылбекова: “Мен өзүм 22 жашта болгонум менен, оор тагдырга кабылган 35тен ашкан аялдын образын жараттым. Психологиялык роль болгондуктан, каарманымдын образын ачып берүү кыйын болду. Бирок режиссёр туура жол көрсөтүп, образды жетиштүү деңгээлде ачып бере алдым”,- дейт.






Акчанын кулуна айланган адамдар тасмада чагылдырылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(12)
20.02.2015. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул Режиссёр агайыбыздын кинолору жакшы чыгып жатат сизге ийгилик каалайм жана "Соолуган гулдор 3"-да кутобуз!!! ТиК.
20.02.2015. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Suke93, туура мыкты экен корууну сунуштайм баарына
SUPER.KG видео
20.02.2015. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы! Бирок Кыргыз тасмасы онуугуу жолунда! Болгону каармандарга он тус беруудо,боену (гриммдоону) жакшы уйронуусу керек! Ийгиликтер!
SUPER.KG видео
20.02.2015. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр Кыргызстанда кино тармагы онугуп жатат ошого жараша актерлер да мыкты болуш керек ийгилик кинону буйруса коробуз
SUPER.KG видео
20.02.2015. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кино корунот
SUPER.KG видео
20.02.2015. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз качан коробуз админ айым????
SUPER.KG видео
21.02.2015. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соолуган гулдордун биринчисин улантса болмок. Такыр бузуп салыптыр кинону.
SUPER.KG видео
21.02.2015. 04:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Болбойт эптемей
SUPER.KG видео
21.02.2015. 05:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Башкы фондогу суротту алып койгулачы сураныч суперге кире албай жатам коркконумдан!Бетин жабып алып аран кирдим азыр...
SUPER.KG видео
22.02.2015. 05:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Я плюю на ваши могилы" деген кинонун kyrgyz version у болгон го бул тасма;-))
SUPER.KG видео
22.02.2015. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
,,Я плюю на ваши могилы 2 '' киносунан алыныптырда ошонун эле кыргызчасыгоо. Неге миздин кино тарткан кишилер эч бир элдин киносуна окшобогон тасма тартабы????
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: