super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинди чыгыш календары боюнча Жаңы жыл менен куттуктады

 
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинди чыгыш календары боюнча Жаңы жыл - Жаз майрамы менен куттуктады. Президенттин куттуктоосунда Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы достуктун, жакшы коңшулаштыктын жана өз ара урматтоонун калыптанган салттарына негизделген мамилелер ырааттуу өнүгүп жаткандыгы белгиленет. “Конструктивдүү саясий диалог жөнгө салынып, соода-экономикалык, илимий-техникалык, гуманитардык жана башка тармактарда байланыштар кеңейүүдө. Өлкөлөрүбүз регионалдык жана эл аралык форматтарда кызматташууда”,- деп айтылат телеграммада.

“2014-жылдын май айында Шанхайда жана сентябрь айында Дүйшөмбүдөгү жолугушууларыбыздын жүрүшүндө өз ара ишенимдин жана колдоонун жогорку деңгээли толугу менен ырасталды. Уфада өтө турган ШКУнун саммитинин алкагында сиз менен маңыздуу сүйлөшүүлөрдү улантам деп болжолдоп турам”,- деп кошумчаланат телеграммада.

Мамлекет башчы кыргыз-кытайлык бардык байланыштарды чыныгы стратегиялык өнөктөштүктүн маанайында мындан ары тереңдетүү эки өлкөнүн элдеринин түпкү кызыкчылыктарына төп келерине ишенимин билдирди.

Си Цзиньпинге ден соолук жана мамлекеттик ишмердигинде жаңы ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги кытай элине тынччылык жана гүлдөп-өнүгүү каалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: