super.kg logo
  Саясат  

Исмаил Исаков Кыргызстандын жолдорунда "лежачий полицейскийлердин" көбөйүп кетишине нааразы

 

Бүгүн, 19-февралда парламент жыйынында депутат Исмаил Исаков өлкөдөгү унаа жолдорунда жасалма дөңчөлөрдү ("лежачий полицейский") айрым жактардын өз алдынча салып жатышына нааразычылыгын билдирди.

Анын айтымында, борбор калаанын айрым райондорунда ар бир 50 метр сайын дөңчөлөр өз билемдик менен орнотулган. "Ким буга уруксат берди?! Жол эрежесин сактоо керек эмеспи. Транспорт башкармалыгы бар, тиешелүү адистер бар, бирок жыйынтык жок. Жасалма дөңчөлөрдүн баарын изилдеп, уруксатсыз салгандарга айып пул салуу керек",- деди Исаков.

Мындан тышкары депутат шаардагы жолдорду бузуу менен жер астына суу түтүктөрү салынгандыгынан улам жолдор бузулганын белгиледи. “Айрымдар кышы менен жолдорду калыбына келтиришет. Бийлик барбы же жокпу деген суроо пайда болот. Муну тартипке салуу керек”,- деп кошумчалады депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: