Борбор калаада 2 аптанын ичинде ар кандай эреже бузган 1200дөн ашуун адам милиция бөлүмдөрүнө жеткирилген
Бишкек шаардык милициясынын Кайгуул-күзөт кызматы тарабынан 1-февралдан 15-февралга чейин ар кандай административдик протоколдор түзүлүп, ички иштер бөлүмдөрүнө 1260 адам жеткирилген. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган убакыт аралыгында 79 кылмыштын бети ачылган. Алардын ичинен ден соолукка атайылап зыян келтирүү боюнча 36, тоноо боюнча 5, зордуктоо боюнча 1, бейбаштык боюнча 19, уурдоо боюнча 3, алдамчылык боюнча 5, курал таап алуу боюнча 5, башка фактылар боюнча 5 факт катталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.