super.kg logo
  Саясат  

Ар бир спорттук федерацияга келишимдик негизде каражат берүү сунушталды

 
Кыргызстандагы ар бир спорттук федерацияга келишимдик негизде мамлекеттен каражат бөлүү сунушталууда. Мындай сунушту өкмөткө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Болот Мотукеев бүгүн, 19-февралда Өкмөт үйүндө өтүп жаткан жыйында айтып чыкты. Анын айтымында, федерациялар алгач өздөрүнө план коюшу керек. "Эгер пландары өз учурунда аткарылбаса, келишим бузулат. Федерацияларды бул жол менен өнүктүрбөсөк, башка жол менен өнүктүрүү кыйынга турат", - деди Мотукеев. 
Жыйында вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева өкмөттө каражат тартыш болгондуктан, 2015-жылы спортко 450 миллион сомдон ашык каражат бөлүнбөй турганын айтты. 
"Каражат тартыш экенин баарыңыздар билесиздер, ошондуктан башка акча каралган эмес. "Акча жок" деп башты тырмап отурганда жыйынтык чыкпайт, андан көрө биригип, ушул акчага болсо да иштер жасалышы керек", - деди Ниязалиева. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: