super.kg logo
  Саясат  

Бириккен Араб Эмираттары ишке ашырышы мүмкүн болгон инвестициялык долбоорлор тааныштырылды

 
17-февралда Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы башкы консулу Кубанычбек Өмүралиев менен аталган өлкөнүн Федералдык Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Мухаммад Тани Муршид Ганнам аль-Румайси жолугушту. Маалыматты бүгүн, 19-февралда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин Бириккен Араб Эмираттарына жасаган иш сапарында жетишилген келишимдерди ишке ашыруу планынын алкагында, жолугушууда инвестициялык долбоорлордун пакети жана Кыргызстандагы инвестициялык климат тууралуу маалымат берилди.   
Жолугушууда Мухаммад Тани Муршид Ганнам аль-Румайси долбоорлорду дыкат карап чыккандан кийин БАЭнин энергетика министринин координациялоосу менен курамына ишкерлер кирген делегация түзүлүп, анын Кыргызстанга баруу датасы такталарын билдирди. 
Араб делегациясынын иш сапары учурунда Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы менен БАЭнин Федералдык Соода-өнөр жай палатасынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюу планы макулдашылды. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: