Бишкектеги Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда онкологиялык илдеттердин алдын алуу боюнча Ачык эшиктер күнү өтүүдө

Бишкек шаарындагы бардык Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда онкологиялык илдеттердин алдын алуу боюнча Ачык эшиктер күнү өтүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда SUPER.KG порталына Шаардык саламаттыкты сактоо департаментинин басма сөз катчысы Аскар Эргешев билдирди.
“Бул иш-чара борбордо 16-февралдан бери өткөрүлүүдө, эртең жыйынтыкталат. Ачык эшиктер күндөрүнүн алкагында кыз-келиндер жана айымдар онкологиялык илдеттердин алдын алуу боюнча акысыз медициналык кароодон өтүүгө мүмкүнчүлүк алышууда. Бул иш-чаранын негизги максаты аталган илдеттин алдын алуу болуп саналат. Баса белгилеп кетчү нерсе, акыркы жылдары эмчек рагына кабылган айымдардын саны өсүп жатат”,- дейт А.Эргешев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.