super.kg logo
  Спорт  

“Москва-1980” Олимпиадасынын чемпиону Каныбек Осмоналиев: "Спортту өнүктүрүүнү айыл жеринен баштоо керек"

 

Бүгүн, 19-февралда “Москва-1980” Олимпиадасынын чемпиону Каныбек Осмоналиев өкмөттүн ата мекендик спортту өнүктүрүү үчүн жасап жаткан аракетин чийки деп атады. Анын айтымында, спортту өнүктүрүүнү айылдан баштоо керек. “Биздин өзүбүз менен өзүбүз тар чөйрөдө сүйлөшүп жатканыбыз туура эмес, бул сүйлөшүүлөр сыртка чыкпай жатат. Бул тармакты өнүктүрүүнү айыл жеринен баштоо керек. Мен бүгүн бул жерден облус, район жана айыл өкмөттөрүндөгү спорттук мектептердин жетекчилерин, ошол тармакты түшүнгөн кишилерди көрө албай жатам, ошолорду чакырыш керек болчу. Бүгүн алардын маселеси оор. Анткени райондордогу спорттук мектептерди жоюу боюнча маселелер болуп жатат. 20 жыл мурун бизде 800 мектеп болсо, азыр 80ни калды. Ошондой эле айылдагы балдардын ден соолугу начар болуп жатканын эске алып, аларга көңүл бурушубуз керек. Бир айылга 3 клиника салгандан көрө спорттук залдарды ачсак дурус болмок. Балдардын ач же ток экенин билбей, реформа жасайбыз десеңер, жаңылыштык кыласыңар”,- деди Осмоналиев.

Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева: айондогу спорттук мектептердин директорлорун чакырып эмне кылат элек? Биз жөн гана реформаны эмнеден баштоо керектиги боюнча сиздер менен кеңешели деп чакырып отурабыз. Сиздер бизге жардам бериңиздер",- деди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: